Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык ишканага 35 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындан тышкары, мыйзам талаптарын сактоо боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Ички иштер министрлиги "Бишкек Арена" стадионуна алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тыюу салынган буюмдардын катарына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар, көлөмдүү баштыктар жана жагдандар кирет. Ошондой

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом. "Инвестиция сал жана утуп

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат, Бел, Кеңеш, Исанов, Мирмахмудов жана Гүлистан айыл аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууларда негизинен мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги, курулуш иштерин тездетүү, таза суу менен камсыздоо, сугат суу жана ички

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл