Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды
Башкы прокуратура товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар чынында ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргызстанга алып кирүү схемасын уюштурганы аныкталган.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы июнь-августта аталган субъекттер "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пункту аркылуу товарлардын наркын төмөн көрсөтүп, өлкөгө алып киришкен. Кийин товарлар тиешелүү салыктык эсепке алынбастан сатылып келген.
Мындан тышкары, товарларды алып кирүүдө 2024-жылдын 30-апрелинен тартып ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн субъект катары таанылган "К" жеке ишкеринин атынан таризделген жасалма товар коштоочу документтер колдонулганы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) жана 222-беренеси (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.