Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды
Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган.
Айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу протоколу түзүлүп, машинасы айып короого киргизилди.
Мындай алдын алуу иш-чаралары Ош облусунун бардык райондорунда улантылары белгиленди.

