Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жооптуу тараптарга административдик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте социалдык тармакта жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө желеде сөз болгон аймактагы таштандылар тазаланды.

Аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, Токмок шаардык мэриясына 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, текшерүү иш-чараларынын алкагында калаада таштандыларды уруксатсыз жерде өрттөө фактысы аныкталды. Эреже бузган жеке тарапка 7 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштерин улантарын белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте туризм боюнча кыргыз-кытай долбоорлору талкууланды

Бишкекте туризм боюнча кыргыз-кытай долбоорлору талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Кытайдын Нанкин шаарынан келген SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууга мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, анын орун басары Рустам Алишеров, департаменттин кызматкерлери жана SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын башкармалыгынын

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо