Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча адис Бакай Календеров катышты.

Иш-чарада энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, кош бойлуу аялдардын ден соолугун көзөмөлдөө, тубаса жана генетикалык ооруларды эрте аныктоо маселелери каралды.

Медицина тармагы боюнча адис Бакай Календеров кош бойлуулук учурунда түйүлдүктүн абалын тыкыр көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, заманбап диагностикалык технологияларды кеңири колдонуу боюнча сунуштарын билдирди.

Анын ичинде түйүлдүктүн өсүп-өнүгүүсүн көзөмөлдөө, жүрөк жана башка тубаса өзгөрүүлөрдү эрте аныктоо үчүн заманбап лабораториялык изилдөө ыкмаларын колдонуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Жалал-Абад облусун бул багытта пилоттук аймак катары сунуштоо демилгеси көтөрүлдү. Бул үчүн медициналык мекемелерди зарыл жабдуулар менен камсыздоо, адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана каржылоо булактарын тартуу маселелери каралды.

Облус башчысы эне менен баланын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, ооруларды эрте аныктоо жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү боюнча иштерди системалуу уюштуруу керектигин белгиледи.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media