Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Эсептөөгө ылайык, ар бир мыйзамсыз кармалган кара балыкка зыян 505 сомдон эсептелди. Калган эки жаранга балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик жарандарды жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылууга, биологиялык ресурстарды коргоого жана балык уулоонун белгиленген эрежелерин так сактоого чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл