Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 түзөтүү колониясына жана Манас шаарындагы №53 тергөө абагына мониторинг жүргүздү.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Медербек Усаров соттолгондор жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кайрылууларын укту.

Маалыматка ылайык, айтылган маселелердин айрымдары боюнча укуктук кеңеш берилип, бир катар арыздарды мекеме администрациясы жеринде карап, чечип берди.

Мындан тышкары, кыйноолорго, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Базар-Коргон районундагы №10 түзөтүү колониясы 2024-жылы пайдаланууга берилген. Мекемеде кийим-кече жана бут кийим тигүүчү, зым жана кыш чыгаруучу цехтер иштейт.

Мониторинг учурунда мекеменин стационарында 9 соттолгон жаран дарыланып жаткан. Ошондой эле катуу тартиптеги корпуста кармалып турган 186 соттолуучунун шарттары текшерилип, алар менен маектешти.

Ал эми Манас шаарындагы №53 тергөө абагында мониторинг учурунда 216 адам кармалып турган. Алардын 206сы эркек, 10у аял. Арасында 8 жашы жете элек өспүрүм жана 10 чет элдик жаран бар.

Мониторингдин жыйынтыгында эки мекемеде тең жарандардын Акыйкатчы институтуна жашыруун кайрылуусу үчүн атайын кутучалар орнотулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media