Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө
Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга сурам каттар жөнөтүлгөн.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси ("Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге максаттуу багытын бузуу менен өзүм билемдик курулуш жүргүзүү") боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынары белгиленди.