Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Ысык-Көлдө дарыгерлерге ден соолугун чыңдоосу үчүн жаңы эс алуу корпусу курула башталды. Бул тууралуу Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мезгил кутучасын салуу аземине Саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова, Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу жана Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов катышты.

Жаңы корпус эски имараттын ордуна курулуп, 40–50 орунга ылайыкталат. Анда медицина кызматкерлеринин эс алуусу үчүн заманбап шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан мүчөлүк төгүмдөрдүн эсебинен өз күчү менен курулуп жаткан алгачкы жаңы эс алуу жайы болуп саналат.

Иш-чарада Мурадил Жумадилде уулу долбоор профсоюз мүчөлөрүнүн каражатын кызматкерлердин ден соолугун чыңдоосуна жана социалдык шарттарын жакшыртууга багыттоонун маанилүү мисалы экенин белгиледи.

Федерация төрагасы дарыгерлердин эмгеги өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын айтып, алардын сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун калыбына келтирүүсү дайыма көңүл борборунда болушу керектигин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media