“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө
Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт.
Министрликтин Ош регионалдык башкармалыгы билдиргендей, мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү административдик чаралар көрүлөт.
Эске салсак, жакында “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш арканы жана өткөрмө-көзөмөл пунктун куруу долбоору ишке ашырыла баштаган. Ал аймакка кирип-чыгууну тартипке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана сырткы көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.

