Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Адистер долбоордук жана техникалык документтерди изилдеп, өрттүн имараттын негизги конструкцияларына тийгизген таасирин жана алардын техникалык абалын баалашты. Ошондой эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде тиешелүү чиймелер даярдалды.

Белгиленгендей, алдыда институт техникалык абалы боюнча корутунду даярдап, аны мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-