Ызар айылында өрттөн зыянга учураган үй үчүн 45 миң 728 сом берилди
Ала-Бука районунда өрт кырсыгынан турак жайы зыянга учураган жаранга мамлекеттик камсыздандыруу боюнча кенемте төлөндү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июлда Ызар айылынын тургуну Жолборс Назаралиевдин үйүндө өрт чыккан.
Алардын турак жайы алдын ала табигый кырсыктардан камсыздандырылгандыктан, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үй ээсине 45 миң 728 сом өлчөмүндө кайтарымсыз кенемте берди.
Жергиликтүү бийлик жарандарды тиешелүү мүлктөрүн алдын ала камсыздандырууга чакырды.

