Баткенде ӨКМ кызматкерлери тоодон түшө албай калган өспүрүмдү үйүнө жеткиришти

Баткенде ӨКМ кызматкерлери тоодон түшө албай калган өспүрүмдү үйүнө жеткиришти

Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Кык жайлоосуна эчки издеп барып, түндө тоодон түшө албай калган 17 жаштагы өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү.

ӨКМдин Баткен башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдү издөө жана куткаруу иштерине ӨКМден, РӨКОнун №3 ӨИКОдон жана ИИМден жалпы 11 адам тартылган.

Куткаруучулар Бужум айылынын тургуну М.Б. аттуу өспүрүмдү аман-эсен тоодон алып түшүп, ата-энесине өткөрүп беришкен. Анын абалы жакшы.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Президенттик шайлоодо талапкерлердин документтерин текшерүү тартиби бекитилди

Президенттик шайлоодо талапкерлердин документтерин текшерүү тартиби бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттикшайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жобо шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылып, талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзөт жана шайлоо документтерин кабыл алуу жана алардын мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүүнүн так тартибин аныктайт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде энергетиктер ишин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, иш-чара өтүүчү бардык объектилерди жана аянтчаларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюндардын объектилерин электр энергиясы менен камсыз кылган негизги көмөк чордондордо адистердин кошумча нөөмөтү уюштурулат.

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо коомдук тамактануучу жайларда иштеген 15–17 жаштагы өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары бузулган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, адистер кафе-ресторандарда иштеген жашы жете электердин эмгек шарттарына мониторинг жүргүзүп, эмгек келишимдерин текшерип, өспүрүмдөр арасында жашыруун сурамжылоо өткөрүшкөн. Өспүрүмдөр тейлөөчү жана музыкант болуп иштешкен.

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол" аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүп жатат. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда. Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай