Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кантта унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда кармалды

Кант шаарында алдын алуу иш-чарасы учурунда унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу рулда аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун документтерин текшеришкен. Жаран айдоочулук күбөлүгүн үйүндө калтырганын айткан.

Кызматкерлер заманбап планшет аркылуу маалыматтарды текшеришип, айдоочунун буга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылганы аныкталган.

Жаранга мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлүп, унаа айып короого киргизилди. Ошондой эле ага жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ЖКККББ айдоочуларды унаа башкаруу укугу жок учурда рулга отурбоого жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри аймактагы курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды

Баткендин мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагындагы бир катар курулуш жана инфратүзүмдүк иштердин жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Тамаша-Жай конушундагы таза суу менен камсыздоо, Чет-Булак аймагындагы көпүрөнүн курулушу, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан суу кампасы жана базардын айланасын иретке

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга чара көрүлдү

Нарын облусундагы Кел-Суу көлүндө экологиялык талаптарды бузгандарга 5 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө айрым кайыктардын моторлорунан айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруу, ошондой эле жайыттарга унаалар менен башаламан кирип, өсүмдүктөрдү тебелеп-тепсөө

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 1,4 миллион сомдон ашык айып пул салынды

Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү боюнча “Нелегал” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, 5-19-августта 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган. 20-августта өткөн “Нелегал Мото-курьер” рейдинде 48 чет өлкөлүк

Майлуу-Суудагы 1953-жылы курулган стадионду жаңылоо долбоору даярдалат

Майлуу-Суудагы 1953-жылы курулган стадионду жаңылоо долбоору даярдалат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 27-августта Жалал-Абаддын Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларына иш сапары менен барып, бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк жыйлардын абалы менен таанышты. Алгач төрага 1953-жылы курулган Майлуу-Суу шаардык стадионун көрүп, аны жаңылоо боюнча долбоор эки айдын ичинде даярдалып, 2027-жылдын бюджетине киргизүү