Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо кафелерде жашы жете электердин укуктары бузулуп, ашыкча иштеп келишкен

Караколдо коомдук тамактануучу жайларда иштеген 15–17 жаштагы өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары бузулган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, адистер кафе-ресторандарда иштеген жашы жете электердин эмгек шарттарына мониторинг жүргүзүп, эмгек келишимдерин текшерип, өспүрүмдөр арасында жашыруун сурамжылоо өткөрүшкөн.

Өспүрүмдөр тейлөөчү жана музыкант болуп иштешкен. Текшерүүдө айрымдары менен эмгек келишими түзүлбөгөнү, ошондой эле ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу алынбаганы аныкталган.

Мындан тышкары, иш берүүчүлөр айрым өспүрүмдөрдүн идиш сындырып алганы, жумушка кечиккени жана башка тартип бузуулары үчүн айып пул салып, акчаны эмгек акысынан кармап келишкен.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн жумуш убактысы мыйзамда белгиленген чектен ашканы аныкталган. Алар саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштеп келишкен.

Эмгек кодексине ылайык, 14–16 жаштагы өспүрүмдөр күнүнө 5 сааттан, ал эми 16–18 жаштагылар 7 сааттан ашык иштей албайт. 14 жаштан баштап иштөөгө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана уруксат берилет.

Адистер өспүрүмдөргө алардын эмгек укуктарын түшүндүрүп, иш берүүчүлөргө мыйзам талаптарын сактоо зарылдыгын эскертишти.

Акыйкатчы Институту мамлекеттик органдарды жашы жете электердин эмгек укуктарынын бузулушуна жол бербөө жана мындай фактылардын алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media