Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт
Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди.
Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөп, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрөт.
Ошондой эле зарыл учурда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу каралган.


