Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт.
Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү жана ойноосу үчүн атайын бөлмөлөр каралып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Курулуш иштеринин жүрүшүн Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп, иштердин сапаты жана талаптарга ылайыктуулугу текшерилген.







