Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.

Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды тосуу жана лыжа тебүү учурундагы тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар каралды.

Өзгөчө көңүл Эл аралык лыжа жана сноуборд федерациясынын (FIS) талаптарына ылайык даярдала турган трассаларга бурулду. Алар бийиктиктин айырмасы, туурасы, эңкейиш деңгээли, конфигурациясы, старт жана финиш зоналарын уюштуруу боюнча эл аралык талаптарга жооп бериши керек.

Мындан тышкары, трассаларды даярдоодо спортчулардын коопсуздугу жана мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон шарттар эске алынат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media
Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media