Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курула турган адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, министрлер, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер катышты.

Марлен Маматалиев жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, заманбап деңгээлде дарылоого шарт түзөрүн айтып, медицина тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Долбоор боюнча борбор төрт кабаттуу болуп, жалпы аянты 3 100 чарчы метрди түзөт жана 80 орунга ылайыкталат. Ал заманбап медициналык жабдуулар менен толук камсыздалат.

Жаңы борбордо бейтаптарды алгачкы медициналык кароодон өткөрүү, тереңдетилген диагностика жүргүзүү, стационардык жана амбулатордук дарылоо, диспансердик көзөмөл жана андан кийинки медициналык коштоо үчүн бирдиктүү шарттар түзүлөт.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас”  аба майданынын абалын текшерди

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас” аба майданынын абалын текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ири жаңылоодон кийин “Манас” эл аралык аба майданына пландан тышкары барып, анын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Президент аэропорттун аймагын, жүргүнчүлөрдү жана чет элдик делегацияларды тосуп алуу залдарын көрүп чыгып, жакынкы күндөрү өтө турган ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты