Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Манас шаарында 20 млн 303 миң сомдук долбоор: 12 отказан орнотулууда

Манас шаарында "Жылуулук" муниципалдык ишканасы жылуулук тутумун жаңылоо иштеринин алкагында 12 даана жаңы үлгүдөгү отказанды орнотуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отказандардын 11и Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен, ал эми 1 отказан жергиликтүү казынанын эсебинен алынган. Долбоордун жалпы баасы 20 миллион 303 миң сомду түзөт.

Жаңы отказандар газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкталган. Мындан сырткары, жабдуулар электр жарыгы өчүп, кайра берилген учурда ишин автоматтык түрдө улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Белгиленгендей, бул долбоор кыш мезгилинде шаар тургундарын туруктуу жана сапаттуу жылуулук менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media