Таласта 6 жаран ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды
Талас районунда 6 жаран ок атуучу куралдарын кайтарымсыз түрдө өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, уюштурулган алдын алуу иш-чарасында каттоодо турган тургундардын ок атуучу куралдарды сактоо шарттары көзөмөлгө алынууда.
Текшерүүдө 1 жарандын куралды каттоо мөөнөтүн бузгандыгы аныкталды. Анын ок атуучу куралы убактылуу Талас РИИБге алынып, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып пул салынды.
Талас РИИБ жарандарды ок атуучу куралдарды сактоо мөөнөттөрүн өз убагында узартууга жана каттоо эрежелерин сактоого чакырды.
Ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликтен бошотуларын эскертти.



