Жумгалда мыйзамсыз багылган чаарчык корукка өткөрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал районунда жапайы жаныбарды мыйзамсыз багуу фактысы боюнча маалыматты текшеришти.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө жергиликтүү тургун эликтин чаарчыгын мыйзамсыз багып жүргөнү аныкталды. Жаныбардын ден соолугунун абалын аныктоо үчүн ветеринардык адис тиешелүү кароо жүргүздү.
Жыйынтыгында чаарчыктын жалпы абалы орточо деп бааланып, жугуштуу оорулардын белгилери аныкталган жок.
Жапайы жаныбардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ага тиешелүү шарт түзүү максатында эликтин чаарчыгы Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна жеткирилип, убактылуу багууга өткөрүлүп берилди.