Кырчында абалы начарлаган жаран тик учак менен ооруканага жеткирилди
Кырчын этномаданий шаарчасында ден соолугунун абалы кескин начарлаган Кыргызстандын жараны ӨКМдин тик учагы менен Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрда жаран медициналык жардам алуу үчүн ӨКМдин мобилдик госпиталына кайрылган.
Апааттык медицина кызматынын адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык кароодон өткөрүшкөн. Анын абалын эске алуу менен тез арада Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган.
Бейтапты ыкчам жеткирүү үчүн ӨКМдин тик учагы тартылып, министрликтердин кызматкерлери аны медициналык мекемеге чейин коштоп барып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кырчында тик учактар нөөмөттө туруп, зарыл болгон учурда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жана эвакуациялоого даяр.