Кырчында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Кырчында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда Ысык-Көлгө 150 миңге жакын конок келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар жарандарга ар кандай кырдаалда жардам көрсөтүүдө.

Алар конокторго жол көрсөтүп, керектүү багыттарды түшүндүрүп, жоголгон буюмдарды табууга жана жүрүп-туруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр.

Учурда милиция кызматкерлери Кырчын жайлоосунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, оюндардын катышуучулары менен конокторунун коопсуздугун камсыз кылууну улантууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн

Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эки тик учак нөөмөттө турат

Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эки тик учак нөөмөттө турат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жарандарга зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөткө коюлду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү тик учактар зарыл болгон учурда бейтаптарды ооруканага ыкчам жеткирүү үчүн

Араван жана Ноокат органикалык продукция өндүрүүчү аймак катары өнүктүрүлөт

Араван жана Ноокат органикалык продукция өндүрүүчү аймак катары өнүктүрүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ош облусунун Араван жана Ноокат райондоруна жумушчу сапар менен барып, бир катар айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана

Тогуз-Тородо токойлорду көбөйтүү үчүн көчөттөр өстүрүлүүдө

Тогуз-Тородо токойлорду көбөйтүү үчүн көчөттөр өстүрүлүүдө

Тогуз-Торо токой чарбасынын Макмал токой бөлүмүнө караштуу питомникте 2025–2026-жылдары уруктан өстүрүлгөн көчөттөргө асыроо иштери жүргүзүлдү. Токой кызматынын маалыматына ылайык, адистер көчөттөрдүн жакшы өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн отоо, топурагын жумшартуу, сугаруу жана башка агротехникалык иштерди аткарышты. Белгиленгендей, өстүрүлгөн көчөттөр келечекте токойлорду калыбына келтирүү жана жаңы токой аянттарын