Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кечээ Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбековдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жыйын Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн Координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү.

Анда ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери оюндар учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Адилет Орозбеков Кыргызстанда буга чейин өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чаралар тынч жана коопсуз шартта өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, Координациялык штабдын координациялоосу менен укук коргоо органдары, атайын жана күч түзүмдөрү тарабынан тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мындай иштер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан бүткүл мезгил аралыгында үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media