Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Кыргызстанда 2026-жылга дарыяларда айрым балык түрлөрүн спорттук жана ышкыбоздук максатта кармоого лимит белгиленди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жилингирин (форель), Амударыя жилингирин (форель) жана дарыя османын белгиленген лимиттин чегинде гана кармоого уруксат берилет.

Белгиленген лимит толук пайдаланылгандан кийин аталган балык түрлөрүн кармоого тыюу салынат.

Лимиттен ашыкча балык кармоо мыйзамсыз балык уулоо болуп эсептелип, мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралат.

Департамент жарандарды балык уулоого чыгар алдында белгиленген талаптар менен таанышып, уруксат берилген көлөмдөн ашпоого чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан 500 метрге жакын синтетикалык тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычынан 500 метрге жакын синтетикалык тор чыгарылды

Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы өткөн кезектеги рейдде суудан 500 метрге жакын синтетикалык тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Токтогул суу сактагычынан 40 миң метрден ашык мыйзамсыз коюлган балык уулоочу тор чыгарылган. Адистердин белгилешинче, синтетикалык торлор

Кыргызстан менен JICA жашылча-жемиш кластерлерин өнүктүрөт

Кыргызстан менен JICA жашылча-жемиш кластерлерин өнүктүрөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол койду. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ 2027-жылы ишке ашырылышы пландалып жаткан жашылча жана мөмө-жемиш кластерлерин өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорго даярдык көрүүнүн

Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат

Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыргызстан айылында 150 орундуу мектептин курулушу толугу менен аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин курулушу 2024-жылы июлда башталган. Долбоордун жалпы наркы 90,6 миллион сомду түзүп, республикалык казынадан каржыланган. Жалпы аянты 1 281 чарчы

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектептин жаңы кошумча имаратынын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы корпус 375 окуучуга ылайыкталып, имаратта окуу жана эмгек класстары, компьютердик класс, лабораториялар, химия, биология жана физика кабинеттеринен тышкары ашкана, китепкана, спорт аянтчасы жана жыйындар залы болот. Долбоор