Кыргызстан менен JICA жашылча-жемиш кластерлерин өнүктүрөт

Кыргызстан менен JICA жашылча-жемиш кластерлерин өнүктүрөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол койду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, документ 2027-жылы ишке ашырылышы пландалып жаткан жашылча жана мөмө-жемиш кластерлерин өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорго даярдык көрүүнүн алкагында кабыл алынды.

Долбоор ата мекендик жашылча-жемиш продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле өндүрүштөн тартып кайра иштетүү, сактоо жана сатууга чейинки бардык этаптарда кошумча нарк түзүүгө басым жасалат.

Тараптар кластердик ыкманы киргизүү, заманбап технологияларды колдонуу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, органикалык айыл чарба багытындагы лабораториялык базаны чыңдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media