Кыргызстанда курулуш тармагында чет өлкөлүк технологиялар сыналууда

Кыргызстанда курулуш тармагында чет өлкөлүк технологиялар сыналууда

Кыргызстанда курулуш тармагындагы инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк ыкмалары салыштырылууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Инженердик изилдөөлөр департаменти Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө колдонулган инженердик-геологиялык изилдөө ыкмаларына салыштырмалуу талдоо жүргүзүүдө.

Анын алкагында Бишкектин Шевченко көчөсүндө курулуп жаткан 9-14 кабаттуу турак үйдүн аймагында эки башка ыкма менен бургулоо иштери жүргүзүлдү.

Биринчи компания изилдөөлөрдү Кыргызстанда колдонулуп жаткан ченемдик-техникалык талаптарга ылайык жүргүзсө, экинчиси Кытайда кабыл алынган стандарттарга негизделген технологияны колдонду. Министрликтин маалыматына караганда, ушундай эле ыкмалар Европа өлкөлөрүндө жана АКШда да колдонулат.

Бургулоо иштери 29 метр тереңдикке чейин жүргүзүлдү. Учурда адистер эки ыкманы иштин ылдамдыгы жана технологиясы, үлгүлөрдү алуу сапаты, колдонулган жабдуулар жана алынган жыйынтыктар боюнча салыштырууда.

Сыноолордун жыйынтыгы ар кандай ыкмалардын натыйжалуулугун баалоого жана аларды Кыргызстанда мындан ары колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media