Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы түзүлөт. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, академияны түзүүнүн максаты – эл аралык класстагы шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо.

Жарлыкка ылайык, жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн шахматчыларга жана машыктыруучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Каражат эл аралык мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышууга, керектүү инвентарларды сатып алууга жана кесиптик өнүгүүгө байланышкан башка чыгымдарга багытталат.

Белгилей кетсек, буга чейин Президенттин 2026-жылдын 3-июнундагы Жарлыгы менен шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.

Ошондой эле Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган. Анын алкагында заманбап материалдык-техникалык база түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү үчүн Президенттин фондунан 100 млн сом бөлүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media