Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.

Рейддин жүрүшүндө түшүндүрүү жана профилактикалык иштерге өзгөчө көңүл бурулуп, чет өлкөлүк жарандарга өлкө аймагында жүрүүнүн тартиби жана коомдук тартипти сактоо талаптары эскертилди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2026-жылдын август айында миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Нарын облусунун Жумгал районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда уруксат документтери жок иштеп келген коомдук тамактануу жайы буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы институтунун демилгеси менен адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отурумда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы орчундуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү институттун