Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Нарын облусунун Жумгал районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда уруксат документтери жок иштеп келген коомдук тамактануу жайы буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда жайгашкан "Бай-Дан" кафесинин курулушка жана пайдаланууга тиешелүү уруксат документтери жок экени аныкталган.

Министрликтин маалыматына караганда, бул "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу болуп саналат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында объекттин жооптуу тарабына билдирүү берилип, курулуш ченемдери жана талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда объекттин ээси тарабынан кафе буздурулууда.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Баткендин тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти

Баткендин тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти

Баткен облусунун тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жаныбар министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы-егерлери жүргүзгөн рейд учурунда байкалган. Адистер аркардын абалына байкоо жүргүзүп, анын табигый чөйрөдө жүргөнүн белгилешти. Министрликтин маалыматына караганда, жапайы жаныбарлардын адамдарга жакын аймактарда кездешүүсүнө жашоо

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел