Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда
Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти
Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган.
Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат.
Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи фазасындагы жайгаштыруу объектилеринин бири болот.


