Ош облусунда туризм ишкерлерине мыйзам талаптары түшүндүрүлдү

Ош облусунда туризм ишкерлерине мыйзам талаптары түшүндүрүлдү

Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен туризм тармагындагы ишкерлер үчүн практикалык семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкүлдүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана ишкерлер катышты.

Семинардын ачылышында Мирлан Орозбаев иш-чаранын негизги максаты - туризмдеги ишкерлердин көйгөйлөрүн эске алуу менен, мыйзам талаптарын түшүндүрүү жана ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүү боюнча практикалык жардам көрсөтүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, ишкерлерге керектүү маалыматты бир жерден алууга шарт түзүү жана туристтик объектилерди уюштурууда келип чыккан маселелерди чечүүгө көмөктөшүү маанилүү.

Семинарда туризм тармагындагы салык маселелери, жеңилдетилген насыя жана гранттык программалар, туристтик объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин ижарага алуу тартиби, убактылуу курулмаларды курууга уруксат берүүчү документтер талкууланды.

Ошондой эле суу объектилеринин жээгинде курулуш жүргүзүү талаптары, санитардык-гигиеналык ченемдер, ажатканаларды орнотуу нормалары, экологиялык органдар, ӨКМ жана мамэкспертизанын корутундуларын алуу жол-жоболору боюнча маалымат берилди.

Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мамлекеттик органдардан жана эксперттерден практикалык жоопторду алышты.

Белгилей кетсек, туризм тармагындагы ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана административдик жол-жоболорду түшүндүрүү Ош облусунда туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана

Ишкер Media
Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Бангкок шаарында ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында 13-октябрда Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери жана борбордук банк жетекчилери үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди. Иш-чарага ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты. Маалымдалгандай, жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 3,4 эседен көп. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча жалпы 146 млн 679 миң

Ишкер Media
“Мурас” турак жай комплексиндеги 1104 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды

“Мурас” турак жай комплексиндеги 1104 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган эки турак жай комплексинен батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген болчу. Жаңы батирлердин ээлеринин

Ишкер Media