Бишкекте Шакиранын концерти тынч жана коопсуз шартта өттү

Бишкекте Шакиранын концерти тынч жана коопсуз шартта өттү

Кече “Бишкек Арена” улуттук стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын дүйнөлүк турунун алкагында концерти болуп өттү. Иш-чарага 40 миңден ашуун көрүүчү катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Стадиондун аймагында жана ага чектеш тилкелерде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 3 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылышты.

Милиция кызматкерлеринин өз ара шайкеш иш алып баруусунун жана жарандардын жоопкерчиликтүү мамилесинин натыйжасында концерт тынч кырдаалда, эч кандай окуяларсыз өттү.

Ушундан улам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна коомдук тартипти сактагандыгы, түшүнүү менен мамиле кылгандыгы жана милиция кызматкерлерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 

Мындан тышкары окуңуз

19-20-октябрда Бишкекте ТүркПАнын жыйындары өтөт

19-20-октябрда Бишкекте ТүркПАнын жыйындары өтөт

2026-жылдын 19-20-октябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындары өтөт. Иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын парламент жетекчилери баштаган депутаттар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келишет. 19-октябрда ТүркПАнын Аял парламентарийлер форуму жана Жаш парламентарийлер форуму өз ишин баштайт. Ал эми 20-октябрда

Ишкер Media
Азербайжандын төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга  келди

Азербайжандын төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга келди

Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова 18-октябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан төраганын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар тосуп алышты. Сапардын алкагында Сагиба Гафарова бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА)

Ишкер Media
Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media