УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алган дагы башка мүлктөрүн тапты
КР УКМК мыйзамдагы ууру делген, кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо боюнча иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү деп саналган дагы төрт кыймылсыз мүлк объектисин аныктады.
УКМКнын маалыматына караганда, маркум Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата "кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, алдын ала маалыматтар боюнча, Көлбаевге таандык дагы башка мүлктөр аныкталды, анын ичинде:
- "Илбирс-Саадат" эс алуу жайындагы коттедж;
- Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
- "Коста Браво" эс алуу борборундагы коттедж;
- "Бурана резорт" эс алуу жайы.
Ошондой эле комитет К. Асанбектин башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн түзүү боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.
9-октябрда аталган ведомство Көлбаевдин 60тан ашык кымбат баалуу автоунааларын, Ысык-Көл, Чүй облусу, Бишкек жана Дубайдагы кыймылсыз мүлктөрүн алдын ала баасын аныктап, мүлктү 1 млрд долларга баалаган.