А.Жунушалиев: Шаардын башкы планы менен эле баары чечилип кетпейт

А.Жунушалиев: Шаардын башкы планы менен эле баары чечилип кетпейт

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын 2050-жылга чейинки планы боюнча маалымат жыйында буга чейин көйгөйгө айланып келген абанын булгануусу маселесине жана башкы план боюнча кыргыз курулушчуларынын нааразычылыгына да токтолуп, шаардын башкы планы панацея эмес экенин билдирди

“Негизи абаны тазартуу боюнча бир нече программалар, мамлекеттик иш-чаралар бекитилген. Ал жерде бир топ мамлекеттик ишканалар жооптуу катары иш жүргүзүп жатышат. Микроавтобустардын чыгарылышы менен эч кандай экологиялык өзгөрүү болгон жок дегендерге кошулбайм. Болгону шаарда автоунаалар саны көп болгондуктан транспорт тарабынан 45% абаны булгоо сакталып калып жатат”,-деди ал. 

Мэрдин айтымында, Бишкек шаарынын башкы план долбоору ачык. “Кыргыз курулушчуларынын башкы планды түзүүгө бизди катыштырбай койду дегендери жүйөлүү эмес. Башкы планды 2 айга коомдук талкууга чыгарып бердик. 3 миңге жакын арыз, кайрылуулар түштү. Анын көбү борбордон жер берүү сунушу менен кайрылган курулуш лобби компаниялардын арыздары. Анын баарын канааттандыра турган болсок, анда Кыргызстандын чет райондорунун баарын борборго көчүрүп келип алышыбыз керек болот. Андайга жол берилбеши керек”,-дейт мэр. 

Буга улай мэр борбор калаа ар тараптуу өнүгүп, ар кандай эс алуучу жайлар, парктар, спорттук ареналар, мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар болушу керектигин баса белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта