Н.Түлеев: "Бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот"

Н.Түлеев: "Бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот"

 Бишкектин Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында кызуу талаш боюнча "Кабар" маалымат агенттиги аталган долбоордун жетекчиси Нариман Түлеевден жогоруда айтылган пикирлер боюнча жооп алган.

Н.Түлеевдин айтымында, бул долбоор толук бүткөн соң Кыргызстандын Монте-Карлосу болот.

Ал шаар тургундарын сабыр кылып, бир аз күтө турууну өтүндү.

“Бул долбоорду биз шаар кеңешинде коргоп, бекиттиргенбиз. Баштапкы долбоордо кандай болуп көрсөтүлгөн болсо, дал ошондой болуп бүтөт. Сиздер айтып жаткан 3 кабаттуу жаңы салынып жаткан имараттын сырткы көрүнүшү толкун түрүндө болот. Шаар көркүн бузган артындагы алтын саткан эски дүкөндөр 30 жылдан бери бузулбай иштеп келген. Себеби алар жеке менчикке өтүп кеткен. Ошол эски дүкөндөр жабылды. Имараттын баш жагында кароо мунарасы болот. Туристтер жана коноктор ал жакка чыгып, бул жердеги кооздукка күбө болушат”,-дейт Бишкек шаарынын экс-мэри, бизнесмен. 

Буга улай ал туурасы 15 метрлик жол 16 метрге кеңейтилип, 2 тилке кошулганын,  4 тилкеден, 6 тилкелүү жолго айланганын билдирди.  
“Биз жолду тарыткан жокпуз, тескерисинче кеңейттик. Атайын автобустар токтой турган чөнтөкчөлөр да жасалды. Шопоков көчөсү тарабында 300дөн ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот. Дагы 2 ай убакыт бергиле, мен долбоорду аягына чыгарайын. Эгерде, ошондо Түлеев начар жасады дешсе, кайра жасап берүүгө даярмын”,-дейт ишкер. 

Буга улай ишкер бул жер шаардыктар күнү-түнү эс ала турган Кыргызстандын Монте-Карлосу болорун билдирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.