Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?

Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору транспортторду каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтардын прейскурантын жарыялады.

Маалыматка караганда, негизги операциялар 12 сомдон 800 сомго чейин, айрым кызматтар 5 211 сомго чейин турат.

Борбордун маалыматы боюнча автотранспорт үчүн кызматтар:

  • Унааны тейлөө бөлүмүнүн аймагында кароо — 400 сом
  • Унааны ошол жайында барып кароо — 800 сом
  • Автотранспорт боюнча маалымат базасын түзүү (алгачкы кайрылууда) — 400 сом
  • Транспорт каражатына мамлекеттик номер берүү — 300 сом
  • Автомото транспортко менчик укугун каттоо же кайра каттоо (документтер менен) — 350 сом
  • Менчик укугун үйгө барып каттоо — 5 211 сом
  • Мамлекеттик номер белгилерин жасоо — 450 сом

Обеспечение государственным номерным знаком для транспортного средства обходится в 300 сомов, регистрация или перерегистрация прав собственности на автомототранспортные средства с выдачей правоустанавливающих документов — 350 сомов. Выездная регистрация прав собственности на автомототранспортные средства стоит 5 211 сомов, изготовление государственных номерных знаков — 450 сомов.

Тракторлор жана өз алдынча жүрүүчү техникалар үчүн:

  • Техниканы бөлүмдүн аймагында кароо — 350 сом
  • Транспорт жана жабдуулар боюнча маалымат базасын түзүү — 400 сом
  • Өздүк жүрүүчү техника үчүн мамлекеттик номер берүү — 350 сом
  • Менчик укугун каттоо/кайра каттоо (документтер менен) — 350 сом

Айдоочулук экзамендер жана күбөлүктөр:

  • Теориялык экзамен — 400 сом
  • Практикалык экзамен — 500 сом
  • Айдоочулук күбөлүктү каттоо жана берүү — 350 сом
  • Тракторчу-машинист күбөлүгүн каттоо жана берүү — 250 сом.

Маалыматты ырастоо:

  • Транспорт жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча маалыматты ырастоо — 283 сом
  • Электрондук форматта ырастоо — 12 сом.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен  кат жөнөтүлгөн. Натыйжада объекттин

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов министрдин орун басары болуп иштеп турган учурда пара алууга шектелгенине байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровго министрликтин кызматкерлеринин бири арыз менен кайрылып, кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында акча талап кылынганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыныбаев Канатбек Койчубекович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Ошондой эле Канатбек Чыныбаевдин талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Кыргызстанда акыркы жылдарда мамлекеттин, эл аралык уюмдардын көмөгү менен сапаттуу, мол түшүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өткөндөр көбөйдү.   20 жылдан ашык дыйканчылык менен алектенип,  2023-жылдан тарта голландиялык картошканын түшүмдүү, сапаттуу супер элита сортун айдап, гектарынан 45 тоннадан үрөндүк элита сортун өндүрүп жаткан фермер, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Алтынбек Айбашов