Бишкек мэриясы 30дан 50 кабатка чейинки үйлөрдү куруу улантыларын билдирди

Бишкек мэриясы 30дан 50 кабатка чейинки үйлөрдү куруу улантыларын билдирди

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жаңы Башкы план долбоорун талкуулоо учурунда айтылган Перспективдүү шаар куруу илимий-изилдөө институтунун (НИИ ПГ) өкүлү Ирина Гришечкининанын билдирүүлөрүнө байланыштуу расмий билдирүү таратты.

Муниципалитетте белгилешкендей, адистин сөздөрү сейсмикалык жактан кооптуу аймактарга гана тиешелүү. Мындай зоналарда чындап эле курулуштун бийиктигин чектөө зарыл. Ошол эле учурда, мэрия баса белгилегендей, инвестициялык долбоорлорго жалпы тыюу салуу тууралуу сөз болгон эмес.

"Бишкек шаарынын мэриясы Башкы пландын буйрутмачысы катары расмий билдирет: инвестициялык долбоорлор толугу менен колдоого алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле муниципалитет шаарда 30дан 50 кабатка чейинки имараттарды курууга уруксат берилерин ырастады. Эгерде куруучулардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган бардык зарыл уруксат документтери бар болсо.

Мэриянын маалыматына ылайык, Башкы планды иштеп чыгуучулар шаардын кызыкчылыктарын, ошондой эле шаарды өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде коопсуздук жана курулуштун туруктуулугуна байланышкан талаптарды эске алууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жарлык Конституциянын тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл алынды.

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), "Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед" компанияларынын жана Польшанын "LEKAM" фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Тараптар катуу пероралдык, суюк дары

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды. Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү,

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен