Кыргызстанда келечекте медициналык шаарча курулушу мүмкүн

Кыргызстанда келечекте медициналык шаарча курулушу мүмкүн

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо тармагына 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен 36 млрд 300 млн сом жумшалганын билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 781,9 млн сомго 5 ири медициналык объект курулуп, аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү кеңейген.

" Учурда 11,7 млрд сом каражатка 39 медициналык мекеме курулушу жүрүп жатат. 2025-жылы капиталдык салымдар боюнча 450,5 млн сом бөлүнүп, 27 саламаттык сактоо объектиси толук бүткөрүлдү. 249 орундуу жаңы перинаталдык борборлордун курулушу башталды. Быйыл 391 млн сомго 162 медициналык жабдуу сатып алынган. Жүрөк жана ички органдарды текшерүүгө арналган 17 УДИ аппараты аймактарга жеткирилди", - деди төрага.

"Биздин планда медициналык шаарча куруу жана көп тармактуу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык хаб түзүү бар. Жакынкы убакытта бул ишти толук кандуу баштайбыз", - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жарлык Конституциянын тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл алынды.

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), "Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед" компанияларынын жана Польшанын "LEKAM" фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Тараптар катуу пероралдык, суюк дары

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды. Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү,

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен