Латвия Россия менен чектеш 280 чакырым жерине тосмо куруп бүттү

Латвия Россия менен чектеш 280 чакырым жерине тосмо куруп бүттү

Латвия Россия менен болгон мамлекеттик чек арасында 280 чакырымдык тосмо курду. Техникалык шарттар мүмкүнчүлүк берген бардык тилкелерде тосмо үзгүлтүксүз орнотулганын 29-декабрда бул иштерге жооптуу болгон мамлекеттик Valsts Nekustamie Ipasumi (VNI) компаниясы билдирди.

Ички иштер министри Рихард Козловскис чек арада жогорку технологиялуу жабдууларды орнотуу иштери улантылып жатканын айтты.
"Биздин негизги максатыбыз — Европа биримдигинин чыгыш чек арасында заманбап чек ара коопсуздугун түзүү", — деди министр.

VNI компаниясында билдиришкендей, чек арага жакын инфраструктураны өнүктүрүү иштери да уланып жатат. Анын алкагында патрулдук жолдор, жөө адамдар үчүн көпүрөлөр жана башка инженердик курулмалар салынат.

Эске салсак, Балтика өлкөлөрү — Латвия, Литва жана Эстония — Россия менен болгон чек араларында тосмолорду куруп жатышат. Ошондой эле Финляндия да өз чек арасында тосмо куруп жатканы маалым.

Латвия 2024-жылдын июль айында Беларусь менен болгон чек арасында 145 чакырымдык тосмонун курулушун аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот

"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот

2026-жылы "Чакан ГЭС" ААКсы кубаттуулугу жогору электр кубаттоочу станцияларды орнотууга өтүүнү пландап жатканын компаниянын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аалыайдар Слем уулу радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы компания кубаттуулугу 80 кВт болгон 10 даана тез кубаттоочу станция орноткон. Бул станциялар алыскы каттамдарга багытталып, айдоочулар жолдо баратканда унаасын

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу