Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери өлкө жетекчилигине кайрылышты

Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери өлкө жетекчилигине кайрылышты


Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун айрым жумушчулары ишканадагы соңку абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров баштаган бийлик башчыларына кайрылганын "Азаттык" жазды.

Анда заводдун иши жүрбөй жатканын, акыркы үч айдан бери айлык алыша электигин, кыскартуу башталганын, азыркы жетекчилери аларды өз эрки менен иштен кетүүгө мажбулап жатышканын айтып чыгышты.

"Майлуу-Суу шаарындагы эң чоң лампа завод акыркы эки жылдан бери аксап, жакшы иштей албай келатат. Аты эле иш болуп жатат, бир жумада үч күн иштеп, төрт күн дем алабыз. Биз акыркы үч айдын айлыгын ала элекпиз. Айлыктан мурда бизди заводдун тагдыры ойлондуруп жатат. Ушунча адам кайда барабыз? Чакан завод болсо дагы макул эле. Ар келген директор иштейбиз дейт, иштебей эле артка кетип жатабыз.Силерден сураныч, ушул жакка келип жыйын өткөрүп, элге ачыгын айтсаңар. Азыр бизге шарт коюп коюшту, июлга чейин күтөсүңөр, инвестор келип калышы мүмкүн, болбосо азыр эсеп-кысабын алып кете бергиле деп айтышты. Азыр арыз жазсаңар айлыгыңарды беребиз, жазбасаңар айлык жок деп жатышат",-деди чогулгандардын бири.

Эске салсак, Майлуу-Суу лампа заводуна байланыштуу маселе Элдик курултайда да көтөрүлүп Президент Садыр Жапаров: "Жакында эле бир миллиард сом бердик. Биз "ушуну өлтүрбөй жандандырып, тирилтип, өнүктүрүп кеткиле" деп айттык. Мамлекеттик компаниялар өзү жакшы иштечү эмес да, банкрот кылып туруп жеке менчикке сатылып кетчү. Биз болсо, тескерисинче, кайра жандандырып жатабыз. Кудай буюрса иштеп кетет го деп ойлойбуз, бир миллиард сом менен иштете албаса анда ал өлүк жетекчи болот",-деген Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"