Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсү жагында футбол аянтчаларын куруу пландалып жатканын Kaktus.media агенттиги Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеменин маалыматына таянуу менен билдирди.

Ботаникалык бактын басма сөз катчысы Ажар Жабиеванын айтымында, Президенттин иш башкармалыгы борбордук кире бериштин сол тарабында, 7-Апрель көчөсүнүн боюнда эки футбол аянтчасынын курулушун баштаган. Учурда алардын пайдубалы куюлуп бүткөн.

"Ал жерде топурак таштак, – деди ал, – суу жок болгондуктан эч нерсе өспөйт. Бир нече жыл бою өсүмдүктөр отургузулса да, натыйжа болгон эмес".

Мындан тышкары, Жабиеванын маалыматына ылайык, ботаникалык бактын аймагында конференц-зал, амфитеатр, балдар аянтчасы жана воркаут-зона курулат. Ошондой эле чуркоо жолу, велосипед жолу жана өзүнчө жөө басуу үчүн жол салынат. Бул жолдорго атайын жумшак жабуу төшөлөт.

Президенттин иш башкармалыгы ботаникалык бактын бүткүл аймагына тамчылатып сугаруу системасын уюштуруу иштерин да улантууда.

Жабиева курулуштун качан аяктары жана бюджетинин көлөмү тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында райондордо Беккари чуңкурларын уюштуруу зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында бир гана Беккари чуңкуру бар, ал 1970-жылдары курулган жана азыр толуп калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар малдын өлүгүн каалаган жерге

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Бишкек шаарында 13-январда Түркияда мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөрүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Маектешүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер чакырылат: * жаш курагы 18ден 35ке чейин болушу керек; * түрк, англис же башка чет тилдеринин бирин билүүсү зарыл; * төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Аба ырайынын –35 градуска чейин төмөндөшүнө байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова "Кабар" агенттигине билдирген. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн штабдык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган. Мектептер кыш мезгилине даяр болгонуна карабастан, катуу

Пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого 30 млн доллар бөлүнөт

Пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого 30 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстан "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагындагы "Кыргызстан үчүн 1-фаза" долбоору боюнча пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө 30 млн доллардан ашык каражат алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында маалымдалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана