МКУ былтыр 8 млн 508 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөн
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) камсыздандыруунун негизги түрлөрү боюнча жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 8 508 695,88 сом өлчөмүндө төлөмдөрдү жүргүзгөнүн аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң бөлүгү автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууга туура келет.
Төлөнгөн каражаттардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү:
- ОСАГО — 6 256 270 сом;
- Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу — 1 608 099 сом;
- Жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу — 644 326,88 сом.
Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр уюмдун камсыздандырылган жарандар алдындагы өз милдеттенмелерин убагында жана толук көлөмдө аткарып жаткандыгын тастыктайт.