Ботаникалык бакка эксперименталдык лабораториялар курулат

Ботаникалык бакка эксперименталдык лабораториялар курулат

Ботаникалык бактын Сухэ-Батор көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки аймагын тазалап, тиешелүү абалга келтирүү пландалып жатканын Ботаникалык бактын директорунун орун басары Нурлан Албанов "Биринчи радио" эфиринде билдирди.

Аталган аймактын аянты болжол менен 80 гектарды түзөт. Бул жерде мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча лабораторияларды, ошондой эле атайын эксперименталдык ботаникалык лабораторияны жайгаштыруу каралып жатат.

Директордун орун басары учурда ботаникалык бактын төмөнкү бөлүгүндө — Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки тилкеде — бадалдардан жана токойчолордон тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул участоктогу иштер аяктагандан кийин адистер кийинки аймакка — Сухэ-Батор көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки бөлүккө өтүшөт.

Ошону менен бирге ал бул бөлүк толугу менен жабык болбой турганын белгиледи: аймакта кирүүчү жолдор каралат, ошондой эле тосмолор орнотулат.

Албанов айрым чет өлкөлөрдө ботаникалык бактар акы төлөнүүчү негизде иштей турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, эгер ачык зона иретке келтирилип, ыңгайлуу шарттар түзүлсө, келечекте кирүү акысы киргизилиши мүмкүн.

Ошол эле учурда Албанов ботаникалык бактын төмөнкү бөлүгүндө курулуп жаткан объектилер — мини-футбол аянтчалары жана балдар аянтчалары — коммерциялык максатты көздөбөй турганын түшүндүрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.