Бишкекте 56 млн долларлык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо уланып жатат
Бишкек шаарында инвестициялык долбоордун алкагында жалпы баасы 56 миллион долларды түзгөн тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо иштери уланып жатканын бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө объектте белгилүү бир жылыш бар: эки резервуар пайдаланууга берилди, ошондой эле автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргизилди.


Маалыматка ылайык, тазалоочу курулмалардын долбоордук кубаттуулугу суткасына 380 миң куб метрди түзөт. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев объекттин кубаттуулугун суткасына 500 миң куб метрге чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.