Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Саудия өнүктүрүү фондунун 50 млн доллар өлчөмүндөгү насыянын эсебинен 14 билим берүү имараты куруларын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы мектептер жана кошумча корпустар курула турган жерлер аныкталган.

Бишкек шаарында курулуучу мектептер:

Биримдик Кут турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп;
Алтын Ордо турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп;
Новопавловка айылындагы 100 гектарлык участокто — 750 орундуу мектеп;
Орто-Сай айылында — 750 орундуу мектеп;
Улан кичи районунда — 750 орундуу мектеп;
Келечек турак жай массивинде — 360 орундуу мектеп;
Аламедин-1 кичи районунда (№38 мектеп) — 450 орундуу кошумча корпус;
Ала-Тоо турак жай массивинде — 1000 орундуу мектеп;
11-кичи райондо (№63 мектеп) — 360 орундуу кошумча корпус;
Койбагаров көчөсүндө (№26 мектеп) — 360 орундуу кошумча корпус;
Касым турак жай массивинде (№83 мектеп) — 650 орундуу мектеп;
Маевка айылында — 275 орундуу мектеп.

Чүй облусунда курулуучу мектептер:

Ысык-Ата жана Аламедин райондорунда — ар биринде бирден мектеп курулат.

Талантбек Иманакун уулунун маалыматына караганда, долбоорду ишке ашыруу 2026-жылы башталып, 2029-жылы жыйынтыкталат. Анын ичинде 2 жыл курулушка, 1 жыл кепилдик мөөнөткө каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.