Манас шаарында 550 орундук мектеп курулуп жатат
Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Дөмөр айылында 550 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу улантылып жатат. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык ал 2025-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жумуштардын 45%ы аткарылды.
Жаңы мектептин долбоорунда 18 окуу кабинети, спорт залы, акты залы жана ашкана каралган.
Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун тендердик баасы 158 миллион сомду түзөт.
Учурда курулуш аянтчасында 40ка жакын жумушчу эмгектенүүдө.
Белгилей кетсек, мурдагы мектеп имараты 1962-жылы ашар ыкмасы менен курулган.