Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат

Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат

2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1 млн 491,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31,4%га жогору болгонун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) статистика департаментинин маалыматы күбөлөндүрөт.

Кыргызстандагы өсүш Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң байкаларлыктардын бири болду. Мындан жогору көрсөткүч бир гана Арменияда катталып, анда турак жайды пайдаланууга берүү 73,2%га өскөн. Салыштыруу үчүн айтсак, Беларусь өлкөсүндө бул көрсөткүч 7,8%га, Казакстанда 3,9%га өскөн, ал эми Россияда турак жай курулушунун көлөмү 2,4%га азайган.

Жалпысынан алганда, ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2025-жылдын январь–ноябрь айларында пайдаланууга берилген турак жайдын жалпы көлөмү 115 млн 158,7 миң чарчы метрди түзүп, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 0,3%га аз болду. Бул төмөндөө негизинен Россиядагы көрсөткүчтүн кыскарышы менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр пенсиялык фонддун каражаттары 6,7 млрд сом киреше алып келген

Былтыр пенсиялык фонддун каражаттары 6,7 млрд сом киреше алып келген

Социалдык фонд 2025-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын активдүү инвестициялап, олуттуу кирешелерге жетишти. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде МТПФнын каражаттарынан 22 797,6 млн сом инвестицияланды. Анын ичинде: 11 885,4 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырылып, жылдык кирешелүүлүк 12,86–16,

Документтери жок зер буюмдарды мыйзамдаштыруу тартиби

Документтери жок зер буюмдарды мыйзамдаштыруу тартиби

Мамлекеттик салык кызматы алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар боюнча салык төлөөчүлөр жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттенмелерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн экенин маалымдайт. Бул үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин esf.salyk.kg сайтындагы электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында тиешелүү электрондук документти тариздөө зарыл. Документти тариздөө үчүн системага кирип, “Сатып алуу” бөлүмүн,

2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда 11%дан ашты

2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда 11%дан ашты

Кыргыз Республикасынын ИДП өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүчкө ээ. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдагандай, иш чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 2025-жылдын алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. “2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып,

№13 шайлоо округунда ЖКнын депутаттарын кайра шайлоодо ат салышуучулардын тизмеси жарыяланды

№13 шайлоо округунда ЖКнын депутаттарын кайра шайлоодо ат салышуучулардын тизмеси жарыяланды

КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алууда.  Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап