Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Куванычбек Конгантиев жаңы Ош базары боюнча долбоорду ишке ашырууга ким жооптуу экенине кызыкты.

"Кечээ жеринде барып көрүү учурунда Иш башкармалыгынын жетекчиси 916 соодагер көчүрүлүп, ар бири өз ордун ала турганын айтты. Бирок бүгүн Ленин районунун акиминин айтымында, учурда Ош базарында 8,5 миң соода орду бар экен", — деди депутат.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев бул долбоорду ишке ашыруу Президенттин Иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев соодагерлердин так саны азырынча такталып жатканын билдирди. Ал эми Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев бийлик бардык соода субъекттеринин жаңы базардан орун алуусуна кызыкдар экенин айтып, долбоордун ишке ашырылышына өкмөт жалпы жоопкерчилик тартарын кошумчалады.

"Бул долбоорду Президенттин иш башкармалыгы ишке ашырат, соодагерлердин санын мэрия аныктайт, суроолорго Курулуш министрлиги жооп берет экен. Анда так айтыңыздарчы: эл кимге кайрылышы керек? Бардык маалыматты бере ала турган органдар кирген ведомстволор аралык комиссия түзгүлө. Эл кайда барып, кимге суроо берерин билиши керек. Анткени акимиатта билишпейт, мэрияда билишпейт, Иш башкармалыгына жетүү дээрлик мүмкүн эмес. Мен бул комиссия соодагерлер кандай тартипте, кандай мөөнөттөрдө көчүрүлөрүн жана орундар кандай принцип менен бөлүштүрүлөрүн так аныктап берсин деп суранам», — деди Куванычбек Конгантиев.

Данияр Амангельдиев процесстин ачык-айкын болушу үчүн мэрия менен биргеликте жумушчу топ түзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, бул жумушчу топ кийинки жумада түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,